Кызматтын инспекторлору тарабынан Н.Е.И.-нын арызынын негизинде Бишкек троллейбус башкармасына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, анда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 54, 128, 157-беренелеринин талаптарынын бузулушу аныкталган, тагыраак айтканда арыз ээси менен эмгек келишими түзүлгөн эмес жана эмгек өргүүгө чыгууда төлөнүүчү тиешелүү төлөмдөр өз убагында берилбеген. Табылган мыйзам бузуу фактылары боюнча бузууларды четтетүү жөнүндө токтом чыгарылып, 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө административдик айып салынган. Ошондой эле, чыгарылган буйруктун негизинде аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча контролдук текшерүү жүргүзүлөт.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio