Кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору 2024-жылдын 17-18-июль күнү Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ШИИБнүн инспекторлору менен биргеликте, жашы жете элек жаш өспүрүм балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу жана өспүрүм балдардын эмгектин оор формалалына тартылышына бөгөт коюуу максатында "Эмгек өспүрүм" аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Ош шаарынын аймагында жайгашкан кафе, коомдук тамактануучу жайлар, борбордук базар, дүкөн, түнкү тез татым жайлары жана түнкү компьютердик клубтар текшерүүгө алынып, рейд учурунда кызматтын инспектору тарабынан жаш өспүрүм балдарга, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге мыйзам чегинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio