КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

"Эмгек өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Кызматтын Түштүк региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору тарабынан Кадамжай шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Кадамжай шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча кызматкерлер жана РИИБнын кызматкерлери менен биргеликте балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түзүлгөн иш-мерчеминин негизинде “Эмгек өспүрүм” аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Жашы жете элек өспүрүм балдардын эмгектин оор формаларына тартылышына бөгөт коюу максатында Кадамжай шаарында рейд өткөрүлдү. Кафе,коомдук тамактануучу жайлар,борбордук базар, дүкөн текшерүүгө алынып 18-жашка чейинки курактагы жаш өспүрүмдөрдүн эмгеги боюнча иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге мыйзам чегинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio