Кызматтын түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан жашы жете элек жаш өспүрүм балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу жана өспүрүм балдардын эмгектин оор формаларына тартылышына бөгөт коюу максатында "Түнкү өспүрүм" аталышындагы рейд уюштурулду. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан кафе, коомдук тамактануучу жайлар, борбордук базар, дүкөн, түнкү тез татым жайлары жана түнкү компьютердик клубтар текшерүүгө алынып, рейд учурунда кызматтын инспектору тарабынан жаш өспүрүм балдарга, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге мыйзам чегинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,акты түзүлдү. ШИИБы тарабынан протоколдор толтурулуп, балдардын ата-энелерине айып пулдар (штраф) салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio