КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

“ЮКЦ” ЖАКтын кызматкери менен болгон бөөдө кырсыкты атайын иликтөөсүнүн жыйынтыгы

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын, Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы, оор жарат алган М.А.М. атуу “ЮКЦ” ЖАКтын кызматкери менен болгон бөөдө кырсыкты атайын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, иш берүүчүнүн кызматкерлердин ден-соолугу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, санитардык-гигиеналык ченемдерди, техникалык регламенттердин жана эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды киргизүү боюнча милдеттерин аткарбоосу же талатпагыдай аткарбагандыгы боюнча “ЮКЦ” ЖАКка Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынды. Бүгүнкү күндө жабырлануучу М.А.М. атуу жаранга дарылануусуна жана башка керектөөсүнө кеткен чыгымдар 53 252 сом өлчөмүндө иш берүүчү тарабынан төлөнүп берилген.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio