КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Ысык-Көл филиалына караштуу №11 Жол тейлөө ишканасынa 65000 сом айып пул салынды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция Министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 7-февралында чыг.№11-01/40-24 сандуу талабыбы боюнча 2024-жылдын 13-февралында «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалына караштуу №11 Жол тейлөө ишканасын (мындан ары - №11 Жол тейлөө ишканасы) Кызматтын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыктын улук инспектору Бектемиров С.К. тарабынан мерчемден тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 128-беренесинде өргүү акысы кызматкерге өргүү башталаарына 3 күн калгандан кечиктирбестен жүргүзүлүүгө тийиш экенин так белгиленгенине карабастан №11 Жол тейлөө ишканасын жумушчуларына айдын аягында эмгек акылары менен бирге төлөп жүрүшкөнү аныкталып №0001975 сандуу мерчемден тышкаркы актысы толтурулуп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 19-беренесинин алкагында жана 90-беренесин жетекчиликке алып №24-02-051-01-1-000070 сандуу протоколу толтурулуп 65000 (алтымыш беш миӊ) сом айып пул салынды.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio