КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

"ДУВАТАШ" ЖЧКСЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ 11 186 489 COM ЭМГЕК АКЫСЫН ТӨЛӨДҮ

КР Жогорку кенешинин 30.11.2023 жылы № II375-V катынын негизинде 16.01.2024ж. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жайгашкан «Дуваташ» ЖЧКна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө жумушчуларга 48 071529,38 сом эмгек акы төлөнүп берилбегендиги аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында текшерүү актысы түзүлүп, КР Эмгек кодексинин 157-беренесинин талаптарына ылайык жетекчисине бузууларды четтетуу боюнча эскертме жазуу берилди. Ошондой эле КР Укук бузуулар жөнүндөгу кодексинин 90-ст.1-п. ылайык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп,аталган ишканага 650 эсептик көрсөткүчтө айып салынды. 30.01.2024-жыл контролдук текшерүү жүргүзүлүп, ишкана тарабынан жумушчуларга 11 186 489 сом эмгек акы төлөнүп берилгени аныкталып, бирок пландык текшерүүдө берилген эскертме жазууда көрсөтүлгөн укук бузуулар толук аткарылбаганы аныкталып, тактап айтканда жумушчуларга эмгек акы толук төлөнүп берилбегендиктен Дуваташ ЖЧКна КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 434-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, аталган ишканага 130 эсептик көрсөткүчтө айып пул салынды

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio