Кызмат, өлүмгө дуушар болгон М.у.А. атуу ЖЧК “Карагай Курулуш” ишканасынын кызматкери иш үстүндөгү бөөдө кырсыктын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, иш берүүчүнүн кызматкерлердин ден соолугу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана техникалык регламенттердин жана эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды киргизүү боюнча милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча ЖЧК “Карагай Курулуш” ишканасына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынды жана ЖЧК “Карагай Курулуш” ишканасы тарабынан эмгек келишим түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 92-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 230 эсептик көрсөткүч (23 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio