2019-жылы “Вертекс Голд Компании” ЖЧКсында, Чаткал районунун А.А.Ш. атуу жаран, кооптуу өндүрүш болуп эсептелген жумуш ордунда иштеп жаткан жеринде, өндүрүштүк кырсыкка кабылып, II-группадагы майыптуулукту алган. 2023-жылы арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 3-пункту менен жумушчунун жумуш ордунан бошотулган. Жабырлануучунун арызынын негизинде аталган “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсында пландан тышкары текшерүү уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 319-статьясына ылайык “Иш берүүчү ошол уюмда эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болгон кызматкерлерди жумушка орноштуруу үчүн жаңы жумуш орундарын бөлүүгө же түзүүгө милдеттүү.”-экени эске алынып, арыздануучу А.А.Ш. жумуш менен камсыз болуусу милдеттендирилди.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio