КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

“РИОМ Авто” унаа базарында оор эмгек менен алектенген жаш өспүрүм балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Кызматтын Түндүк аймагы боюнча аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору жана Сокулук районунун РИИБнин жаш-өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлору менен бирдикте Сокулук районунун, Военно-Антоновка айылында жайгашкан “РИОМ Авто” унаа базарында оор эмгек менен алектенген жаш өспүрүм балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейдтин жүрүшүндө “РИОМ Авто” унаа базарында, жашы жете элек балдарды эмгекке тартуу фактылары аныкталган. Бирок, балдар эмгегинин бул түрү көбүнчө ата-энелерге базарда иштегенге, бизнес жүргүзүүгө жардам берүү түрүндө болгон. Ошого байланыштуу жашы жете элек балдардын ата-энелерине инспекторлор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio