КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Москва районунун жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы менен биргеликте жашы жете элек балдардын ата-энесинин макулдугусуз иштөөсүнө жол бербөө боюнча Москва районунун, Беловодск айылында кафе-ресторандарда кечки рейд иштери менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Кызматтын Түндүк аймагы боюнча аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору жана Москва районунун жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы менен биргеликте жашы жете элек балдардын ата-энесинин макулдугусуз иштөөсүнө жол бербөө боюнча Москва районунун, Беловодск айылында кафе-ресторандарда кечки рейд иштери менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Балдар кодексине ылайык, эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу иштерде, жер астындагы иштерде, түнкү убактарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон иштерде (оюн-зоок бизнесинде, көңүл ачуучу мекемелердеги түнкү жумуштарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизаттарды жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio