КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

“Бир Жол” ЖЧКда эмгек мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Кызмат тарабынан пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын Түндүк регион боюнча региондор аралык башкармалыгына келип түшкөн  Д.Т аттуу жарандын арызынын негизинде  “Бир Жол” ЖЧКда эмгек мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Кызмат тарабынан пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда аныкталган эмгек мыйзамдарынын бузуусу боюнча  акт түзүлүп, бузууну жоюу боюнча эскертме жазуу берилген. Эскертме жазуу өз учурунда,толук аткарылбагандыгы үчүн  “Бир Жол” ЖЧКнун жетекчисине кызматтын башкы инспектору Исмаилов С.Т. тарабынан административдик чара колдонулуп 13000сом айып пул салынды жана жетекчисине эмгек мыйзамдарынын талабы толук аткарылышы милдеттендирилди.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio