2023-жылдын 06-декабрь күнү Ноокен районунун Масы айылында жана Кочкор-Ата шаарында жашы жете элек балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу, жашы жете элек балдардын жана өспүрүмдөрдүн эмгегин эң оор түрүнө тартуу көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана жоюу максатында, Ноокен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Бешбакова, Масы а/ө социалдык жактан коргоо боюнча адиси З.Абдукаримова, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Тагайбек кызы Алина, Ноокен РИИБнун балдар иштери боюнча инспектору милициянын лейтенанты Мухидин уулу Алтынбек жана Кочкор-Ата ШМБнүн балдар иштери боюнча инспектору милициянын кенже лейтенанты А.Тогузбаевдер менен биргеликте, профилактикалык рейд жүргүзүлдү. Профилактикалык рейд учурунда жашы жете элек өспүрүмдөр иштеп жүргөндөрү аныкталып, жумуш берүүчүлөргө жашы жете элек балдарды мыйзамсыз жумушка тартуу эмгек мыйзамдарын талаптарына туура келбегендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio