Эмгекти коргоо боюнча мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча В.А.С. аттуу жарандын арызынын негизинде, Кызмат тарабынан Шаардык борбордук И.В.Панфилов атындагы сейил багында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталды. Кызматкерлерге дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын жетишсиз камсыз кылгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесине ылайык айып салынып, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилди.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio