2023-жылдын 27-июль күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2023-жылдын жылдын 3-кварталына бекитилген иш-планынын жана 21.07.2023-ж. №142 сандуу буйругунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агентигинин Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы ” мекемесинде пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында: текшерүү актысы түзүлүп жана бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилип, Укук Бузуулар жөнүндө Кодексинин 87-беренесинин 4-пунктуна ылайык 23000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio