КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Текшерүү учурунда “Ысык-Көл кемечилиги” ишканасы жумушчуларына 7 108 633сом эмгек акысын толугу менен төлөттүрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын түндүк регион боюнча региондор аралык башкармалыктын, эмгек мыйзамдарын, эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо талаптары, эрежелери жана нормалары мамлекеттик мекемелерде аткарылышы боюнча “ Мерчемдүү текшерүү боюнча”  02.10.2023-ж. №20 буйругун аткаруу максатында  Балыкчы шаарындагы “Кыргызкөмүр”  мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл кемечилиги” филиалында кызматтын башкы инспектору Исмаилов С.Т. тарабынан мерчемдүү (пландуу) текшерүү жүргүзүлдү.    Текшерүү учурунда “Ысык-Көл кемечилиги” ишканасы жумушчуларына 7 108 633сом эмгек акысын өз убагында төлөп бербегендиги аныкталды.   Аныкталган акы төлөө боюнча бузууну четтетүү үчүн Кызмат тарабынан “Ысык-Көл кемечилиги” филиалына эскертме жазуу берилип жумушчуларына болгон эмгек акылары боюнча карызы, Кызмат тарабынан толугу менен төлөттүрүлүп берилди.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio