Эмгекти коргоо боюнча мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча Ж.З.М. аттуу жарандын арызынын негизинде, Кызмат тарабынан ЖЧК "Стрела" курулуш компаниясында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталды: - курулуш иштерин аткарууда жумушчулар жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылынбаган (атайын кийим, каска, коопсуздук куру ж.б.); - Ишкананын жооптуу адамдары тарабынан эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча көрсөтмөлөр жүргүзүлгөн эмес; - жана башка эмгекти коргоо талаптары бузулгандыгы аныкталган. Кызматкерлерге дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын жетишсиз камсыз кылгандыгы үчүн ишканага, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесине ылайык айып салынып, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилди.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio