КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

КУДАЙБЕРГЕН ЖАНА САРЫ-ӨЗӨН БАЗАРЛАРЫНЫН АЙМАГЫНДА ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК БАЛДАРДЫ ЭМГЕКТИН ООР ТҮРЛӨРҮНӨ ТАРПОО БОЮНЧА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Бул макалада биз жашы жете элек балдардын эмгеги менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн жана анын өсүп келе жаткан муундун келечегине тийгизген таасирин карадык. 2023-жылдын 25-августундагы Бишкек шаарынын Биринчи май районунун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте, эмгек инспекторлору Кудайберген жана Сары-Өзөн базарларынын аймагындагы ишканаларга, устаканаларга жана башка объекттерге мониторинг жүргүзүү боюнча кеңири рейд жүргүзүп, ал рейддин жүрүшүндө кызматкерлердин иштөө шартына жана жаш курагын талдоого алышкан жана биргеликте көзөмөл жүргүзүү боюнча кеңири иш-чара өткөрүштү. Бул рейддин негизги максаты жашы жете элек балдарды эмгек мыйзамдарын бузуу менен ишке алуу учурларды аныктоо болду. Рейддин жыйынтыгында жашы жете элек балдар эмгегине каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чаралар мамлекеттин, коомдун жана бизнестин биргелешкен аракеттерин талап кыларын көрсөттү. Мындай рейддер жашы жете элек балдарды эксплуатациядан коргоого, мыйзамдын сакталышын камсыз кылууга жана бардыгы үчүн адилеттүү эмгек шарттарын түзүүгө көмөктөшөт.

Акыркы жанылыктар:

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio