Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде жүргүзүлгөн кызматтык иш-аракеттердин жүрүшүндө Кызматтын кызматкерлери тарабынан эмгекти коргоо талаптарынын одоно бузулушу аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар жумушчулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан, өндүрүштүк кырсыкка алып келүү коркунучу бар экендиги белгиленди. Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерин текшерүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, аталган объектте күтүүсүз текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында объекттин жооптуу адамы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде административдик жоопкерчиликке тартылып, 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ишкерге эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарын кынтыксыз сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгерде мындай мыйзам бузуулар кайра кайталанса, өндүрүш ишин токтотууга жана материалдарды тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүүгө чейин катуу чаралар көрүлөт.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio