КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги — 100 жыл: элге кызмат көрсөтүүнүн жолу

🇰🇬 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги — 100 жыл: элге кызмат көрсөтүүнүн жолу Быйыл Кыргызстанда социалдык коргоо тармагынын 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Бул дата — министрликтин кылымдык тарыхы, адамга камкордук жана коомдук кызматка берилгендигинин символу. Министр Канат Сагынбаев белгилегендей, жүз жыл ичинде министрлик чакан бөлүмдөрдөн миллиондогон жарандарды камтыган заманбап система болуп өнүккөн. «Социалдык коргоонун тарыхы — бул адамга кам көрүүнүн тарыхы. Алгачкы жылдардан бери биздин негизги милдет ардагерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, карыларга жана турмуштук кыйынчылыктарга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү болгон. Бүгүн да биз ошол миссияны улантып, аны адилеттүү жана натыйжалуу кылууга аракет кылып жатабыз», — деди министр. Министрликтин башаты 1924–1925-жылдары түзүлгөн Эмгек жана Социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнө барып такалат. Бүгүн министрлик социалдык жардамдын адрестүү системасын өркүндөтүп, кызматтарды санариптештирүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу багытында иш алып барууда. «Биздин максат — ар бир адам мамлекеттин колдоосун сезген, эмгек бааланган жана социалдык коргоо татыктуу жашоонун кепилдиги болгон коомду түзүү. Биздин ишибиздин борборунда дайыма адам турат», — деди Канат Сагынбаев.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio