КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Пландуу текшерүүдө аныкталган мыйзам бузуу үчүн “Салам Глобал” ЖЧКсына 111 000 сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы 2025-жылдын үчүнчү кварталына бекитилген иш-планга ылайык, Ош шаарында жайгашкан “Салам Глобал” ЖЧКсына пландуу текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо талаптарынын бир катар бузулуусу аныкталып, тиешелүү эскертме берилди. Эмгекти коргоо талабын бузганы үчүн ишканага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 3 протокол түзүлүп, жалпы 111 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio