Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматына “Сян Тдэй” ЖЧКсынын жумушчусу А.у.Д. тарабынан анын эмгек укуктары ишкана тарабынан бузулгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Кызмат тарабынан кайрылуу боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында эмгек мыйзамдарынын бир катар талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйрутма ишкананын жетекчилигине тапшырылып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 90-1-беренесине ылайык — эмгек акыны накталай эмес формада төлөөнү камсыз кылбоо фактысы боюнча ишканага айып пул салынды. Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жумушчулардын укуктарын коргоону улантып, эмгек мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана кайрылуулардын натыйжалуу чечилишине көзөмөл жүргүзүү иштерин улантат.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio