2025-жылдын 3-октябрында Эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспекторлору Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору жана социалдык коргоо кызматкерлери менен биргеликте «Жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин коргоо жана анын оор формаларын аныктоо» максатында рейд жүргүзүштү. Рейд Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы «Баябан-Баатыр» базарында өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө соода менен алектенип жаткан бир катар жаш өспүрүмдөр аныкталып, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio