2025-жылдын 18–19-сентябрь күндөрү Эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери жана социалдык коргоо кызматкерлери менен биргеликте «Жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин коргоо жана оор формаларын аныктоо» максатында рейд жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында жашы жете элек балдарды эмгекке тартуу фактылары аныкталды. Ага байланыштуу жашы жете элек балдардын ата-энелерине жана жумуш берүүчүлөргө инспекторлор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio