Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын 2025-жылдын үчүнчү кварталына бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-планынын негизинде, Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталды. Аталган бузууларды жоюу жана мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу үчүн айыл өкмөтүнө жазуу түрүндө эскертме берилди. Пландуу текшерүүлөрдүн максаты – эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу жана бузуулардын алдын алуу.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio