КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

ЖЧК «Ак он иш» ишканасында эмгек мыйзамдары бузулганы аныкталып, 65 000 сом айып салынды.

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы ЖЧК «Ак он иш» ишканасынын кызматкерлери С.Ы.Д. жана Х.Р.М. тарабынан айлык акы боюнча жазылган арыздарынын негизинде ишканада пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Текшерүү жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 94-беренесинин талаптары бузулгандыгы аныкталды. Атап айтканда, арыз ээлерине 2025-жылдын июль айынын айлыгы төлөнгөн эмес. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча укук бузуу протоколу түзүлүп, тиешелүү жаза чарасы колдонулуп, ишканага 65 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio