КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын 2025-жылдын 8 ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча көрсөткүчтөр.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан 2025-жылдын январь–август айларынын аралыгында эмгек мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында системалуу текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул иштер Эл аралык эмгек уюмунун №81 «Эмгек инспекциясы тууралуу» 1947-жылдагы Конвенциясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №317 токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары: • Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны – 831; • Берилген көрсөтмөлөрдүн саны – 1 269. Бул көрсөткүчтөр эмгек инспекторлорунун 2025-жылдын 8 ай ичинде жарандардын эмгек укуктарын коргоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана эмгек мамилелеринин мыйзам чегинде жүрүшүн камсыз кылуу багытында жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көрсөтөт.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio