Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан, 2025-жылдын үчүнчү кварталына бекитилген иш-планга жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ош аймактык бөлүмү менен макулдашылган жолдомого ылайык, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Фан Юань” ЖЧКга карата пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча иш берүүчүгө эскертме жазуу түрүндө тапшырылды. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жана жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio