Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын Түндүк регион боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2025-жылдын 10-апрелиндеги №7 “Мерчемдүү текшерүү жүргүзүү жөнүндө” буйругунун негизинде Балыкчы шаарындагы ЖТИ-10 мамлекеттик ишканасында пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдарынын, эмгек мамилелеринин жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу аныкталды. Бул боюнча ишканага эскертме жазуу берилди. Контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 434-беренесине ылайык ишканага 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio