2025-жылга бекитилген текшерүү планынын негизинде, 2025-жылдын 25–26-август күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан жеке ишкер **Мукарамов А.Ю.**нун ишканасында пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдары жана эмгекти коргоо талаптарынын аткарылышында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бузууларды жоюу боюнча тиешелүү эскертме жазуу берилди. Мындан тышкары, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ишканага 3 протокол түзүлүп, жалпы 41 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio