КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Эмгек инспекциясына жаңы директор дайындалды.

2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматынын жамаатына жаңы директорду тааныштырды. Кызматтын жетекчиси болуп Жоробеков Азирет Абсаматович дайындалды. Буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Солтонбекова кызматкерлердин укуктарын коргоо жана өлкөдө адилеттүү эмгек шарттарын өнүктүрүүдө алардын маанилүү ролун белгилеп, жаңы жетекчиге ийгиликтерди жана жамаатка жемиштүү эмгек каалады.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio