КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Сокулук районундагы реабилитация борборунда кызматкерлердин арызы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан Сокулук районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда комиссиялык текшерүү жүргүзүлдү. Бул чара аталган борбордун кызматкерлеринин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругуна ылайык уюштурулган. Комиссия ар бир кызматкерди өзүнчө кабыл алып, алардын арыз-даттануулары менен сунуштарын угуп чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio