Кызматтын инспекторлору жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин жаш-өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлору жана Социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Свердлов районунун муниципалдык аймактык башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын «Дордой» базарында оор эмгек менен алектенген жаш өспүрүм балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Рейдтин жүрүшүндө Дордой базарында, жашы жете элек балдарды эмгекге тартуу фактылары аныкталган. Бирок, балдар эмгегинин бул түрү көбүнчө ата-энелерге базарда иштегенге, бизнес жүргүзүүгө жардам берүү түрүндө болгон. Ошого байланыштуу жашы жете элек балдардын ата-энелерине инспекторлор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Дордой базарынын администрациясы менен жолугушуу болуп, жашы жете элек балдарды мыйзамсыз эмгекге тартууну алдын алуу боюнча билдирүү берилди.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio