Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл районунун ИИБ кызматкерлери менен бирдикте, Балыкчы шаарындагы көл жээгинде жайгашкан эс алуу жайларында “Өспүрүм-Эмгек” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында суу үстүндө жүрүүчү унаалардын ээлерине, көл жээгинде жайгашкан майда соода түйүндөрүндө, аттракциондордо жана кафелерди иштеткен жеке ишкерлерге жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланууда эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш алып баруу милдеттендирилди. Ошондой эле эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жайкы эс алуу маалында жаш өспүрүмдөрдү жумушка кабыл алууда эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу башкармалыктын маалыматы берилип, мыйзам бузууга жол берилбеши боюнча алдын ала эскертүүлөр жасалды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio