Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан 2025-жылга карата бекитилген иш-пландын негизинде, Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу “Жумгал-Өнүгүү” муниципалдык ишканасына пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталып, алардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 92-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, аталган ишканага 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле, эскертүүлөр берилип, аларды белгиленген мөөнөттө аткаруу милдеттендирилди.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio