КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан, Башкы прокуратура менен макулдашылган жана 2025-жылга карата бекитилген иш планга ылайык, 2025-жылдын 2-июнунан 17-июнуна чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, 9 пункттан турган эскертме берилип, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, 23 миң сом айып пул салынды.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio