2025-жылга карата бекитилген текшерүү планынын алкагында, Кызматтын Түштүк региону боюнча Региондор аралык башкармалыгы тарабынан “Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинде пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдары менен эмгекти коргоо талаптарынын сакталышында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Анын негизинде, бузууларды жоюу боюнча тиешелүү эскертме кат жөнөтүлдү. Мындан тышкары, эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, аталган мекемеге 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio