Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын жана Эмгек боюнча эл аралык уюмдун (ЭЭУ) эл аралык эксперти Дарко Дочинскийдин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Министрликтин, Кызматтын өкүлдөрү жана тийиштүү адистер катышты. Жолугушууда Кызматтын артыкчылыктуу багыттары, эмгек мыйзамдарынын колдонулушу жана эмгекти коргоо боюнча эл аралык ыкмалар талкууланды. Айрыкча көңүл көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жогорулатууга, кадрларды даярдоого жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга бурулду. Дарко Дочинский Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө эксперттик колдоо көрсөтүп, эмгек инспекциясы системасын өнүктүрүүгө жана эмгек укугу жаатындагы эл аралык стандарттарды илгерилетүүгө көмөктөшүп келет. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгекти коргоо системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында эмгек инспекциясы институтун бекемдөө багытында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio