2025-жылдын 27-мартынан 9-апрелине чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү 2024-жылдын 25-декабрында бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган 2025-жылга карата текшерүү иш планынын негизинде жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 10 пункттан турган мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу боюнча расмий эскертме берилди. Мындан тышкары, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнө 23 миң сом айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio