Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын директорунун 2022-жылдын 9-июнундагы №40-од сандуу буйругун аткаруу максатында, 2025-жылдын экинчи кварталына карата иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган иш-планды жетекчиликке алуу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү боюнча пландуу иштер жүргүзүлдү. Аталган иш-чаралардын алкагында, Ноокен районунун “Бүргөндү-Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинде пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдарын колдонуу жана аткаруу боюнча бир катар укук бузуулар аныкталды. Жыйынтыгында тиешелүү текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу үчүн мекеме жетекчилигине эскертме жазуу түрүндө тапшырылды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүмүнүн жана 92-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде жалпы суммасы 46 000 (кырк алты миң) сом болгон айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio