Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын директорунун 2022-жылдын 9-июнундагы №40-од буйругун аткаруу максатында, аталган кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору А. Эгембердиев тарабынан төмөнкү иштер аткарылды: 2025-жылдын экинчи кварталына карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-планды негизинде Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, бузууларды четтетүү боюнча эскертме жазуу берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 4-пунктуна ылайык 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio