Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан 2025-жылга карата иш планга ылайык, Кочкор районундагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасына пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, эмгек мыйзамдарынын жана коопсуздук талаптарынын бузулган учурлары аныкталды. Бузууларды жоюу максатында ишканага Эскертме кат берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 92-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, тиешелүү токтом чыгарылды. Ага ылайык, ишканага 230 эсептик көрсөткүч (ЭК) өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, кызматкерлерге жана жетекчиликке карата профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio