2025-жылдын 12-июнь күнү Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түндүк региону боюнча башкармалыгынын улук инспектору, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясы, Талас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин мыйзамсыз пайдаланууга жана эмгектин оор формаларына тартылышына бөгөт коюу максатында рейд уюштурушту. Рейд учурунда шаар аймагындагы түнкү тамактануучу жайлар, эс алуу бакчалары жана көчөлөр текшерилип, төрт өспүрүм аныкталды. Кызматтын инспектору тарабынан өспүрүмдөргө, иш берүүчүлөргө жана ата-энелерге эмгек мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio