Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан “Кыргызско-Российская Металлобаза” базасында пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында эмгек мыйзамдарынын талаптары бузулган фактылар аныкталып, иш берүүчү тарабынан эмгекти коргоо боюнча милдеттер аткарылбай жатканы белгиленди. Бул мыйзам бузууларды жоюу максатында иш берүүчүгө жазуу түрүндө буйрук тапшырылды. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексинин” 204-беренесине жана “Бузуулар жөнүндө кодексинин” 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, иш берүүчүгө 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio