2025-жылдын 5-июнь күнү Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясы, Талас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин мыйзамсыз пайдаланууга жана алардын оор эмгек түрлөрүнө тартылышына жол бербөө максатында рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө Талас шаарынын аймагындагы түнкү компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар, соода-сатык дүкөндөрү, эс алуу бакчалары жана шаар көчөлөрү текшерүүгө алынды. Текшерүү маалында Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын инспектору тарабынан жаш өспүрүмдөргө, алардын ата-энелерине жана иш берүүчүлөргө эмгек мыйзамдарынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлдү.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio