КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Нарын облусунда “Тилектештик автобусу” иш-чарасы өтүп, акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын 2025-жылдын 30-майындагы №01-4/1558 катынын негизинде Нарын облусунда “Тилектештик автобусу” аттуу мобилдик иш-чара уюштурулду. Анын алкагында алыскы айылдарда жашаган тургундарга акысыз юридикалык кеңештер көрсөтүлүп, өзгөчө көңүл эмгек укуктарына жана Эмгек кодексинин жаңы редакциясына бурулду. Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан эмгек мыйзамдары, коопсуздук талаптары жана жумуш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы укуктук мамилелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Жалпысынан 15 жаран кайрылып, негизинен төмөнкү маселелерди көтөрүштү: • эмгек келишимин түзүү жана токтотуу тартиби; • кошумча иш убактысынын акысы; • эмгек жана декреттик өргүүлөр; • жумуш ордундагы коопсуздук шарттары. Жарандардын активдүүлүгүн эске алуу менен, мындай мобилдик юридикалык жардам көрсөтүү иш-чаралары өлкөнүн башка аймактарында да улантылары күтүлүүдө.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio