КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Эмгек мыйзамдарынын бузулушу үчүн жеке ишкерге 36 000 сом айып пул салынды.

Кызматтын инспекторлору тарабынан Т.Н.Н.нин арызынын негизинде “Мурас” жеке ишкерлигине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 16-, 20- жана 26-беренелеринин талаптарынын бузулушу аныкталды. Тактап айтканда, арыз ээсине эмгек келишими түзүлгөн эмес жана жумушчуга эмгек китепчеси берилген эмес. Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча бузууларды жоюу тууралуу токтом чыгарылып, 23 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Ошондой эле, чыгарылган буйруктун негизинде аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча контролдук текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 13 000 сом өлчөмүндө кошумча айып салынды.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio