КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Чаткал районунда эмгек мыйзамдары жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча окуу-семинар өткөрүлдү.

2025-жылдын 23-майында Чаткал районунда мамлекеттик мекеме-уюмдардын, «Кичи Чаарат» жана «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун кадрлар бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда окуу-семинар болуп өттү. Иш-чараны Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте уюштуруп, анын негизги максаты — эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо, жумуш орундарында коопсуз шарттарды түзүү жана кызматкерлердин укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү болду. Семинарга райондук мекемелердин жетекчилери, кадрдык иштер боюнча адистер жана жалпы 26 кызматкер катышты. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизги жоболору, жумуш берүүчүнүн жана жумушчунун ортосундагы келишимдик мамилелер, иш убактысынын регламентациясы, эмгек өргүүлөрү жана жумушчу күчтөрдүн корголушу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio