Кызматтын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору тарабынан Жумгал районунун Кара-Кече участогунда жайгашкан “Шарбон” ЖАКынын жамааты үчүн 28-апрель — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чараларды аткаруу максатында тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясы менен таанышып, эмгекти коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштар айтылды. Жалпы 32 адам катышты.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio