2025-жылдын 15-апрелинде Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыктын башкы инспектору тарабынан, 28-апрель — “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү” карата чыгарылган Кызматтын №39 буйругун ишке ашыруу максатында, Нарын районунун жана шаарынын билим берүү тармагындагы кызматкерлеринин катышуусунда семинар өткөрүлдү. Семинарда эмгекти коргоо, эмгек мыйзамдары жана жаңы Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр боюнча кеңири суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле, буйруктун негизинде Эмгекти коргоо күнүнө карата бир айлык иш-чаралар жүрүп жатканы жана 28-апрель күнү “Ачык эшиктер күнү” өтөрү маалымдалды.
Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан
Copyright @2022 Trudnadzor.kg. Designed By ASOI studio